Вашингтондо Адылбек Касымалиев “Камбар-Ата-1” долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
- 1 год мурун
21-апрелде Вашингтон шаарында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык Валюта фондунун жана Дүйнөлүк Банктын жазгы жолугушууларынын аянтчасында Дүйнөлүк банктын операциялык ишмердүүлүгү боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде менен жолугушту.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.
МинКаб башчысы Анна Бьердеге өлкөнүн учурдагы экономикалык абалы тууралуу кеңири маалымат берип, акыркы үч жылда орточо 9% түзгөн экономикалык өсүштүн туруктуу жогорку темптерин белгиледи, ал эми 2025-жылдын биринчи кварталында таасирдүү 13% өсүш катталганын белгиледи
Жолугушууда Кыргыз Республикасы үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зор мааниге ээ болгон Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча стратегиялык долбоорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз өкмөтү өз каражаттарынын эсебинен даярдык иштерин каржылоону улантып жатканын, ал эми техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) жаңылоо жана айлана-чөйрөгө таасир этүүнү баалоо боюнча иштер графикке ылайык жүргүзүлүп жатканын жана ушул жылдын май айында аяктай турганын билдирди.
Өз кезегинде Анна Бьерде Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушун талкуулоонун алкагында ал бул аймактык долбоорду колдоого толук даяр экендигин билдирди.
«Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун ишке ашырууда сиздер бизге ишене аласыздар””- деди Анна Бьерде.
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев менен Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелли Бассани кызматташуу жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Сүрөттөр: gov.kg




