Валентина Шевченко Бишкекте маалымат жыйынын өткөрдү

  • 3 года мурун

Бүгүн, 22-ноябрда UFCнин аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко Бишкек шаарында журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү.

Ал жыйында жеке жашоосу, спорт жана саясат тууралуу суроолорго жооп берди. Шевченко 28-ноябрда өтө турчу парламенттик шайлоо тууралуу дагы пикирин айтып, Кыргызстанга келишинин шайлоого байланышы жок экенин билдирди.

Өзү Кыргызстандын жараны экенин, ошондуктан шайлоодо добуш бере аларын кошумчалады.

Шевченко Кыргызстанга 21-ноябрда келген. Мекенинде бир жума болорун, бул убакытта туугандары жана күйөрмандары менен жолугарын билдирген.

Валентина Шевченко — UFCнин аялдар арасында эң жеңил салмактагы алты жолку чемпиону.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты