Валентина Матвиенко өлкөдө орус тилин колдоого алып жаткандыгы үчүн Садыр Жапаровго ыраазылык билдирди

  • 6 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн өлкөгө келген Орусиянын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкону кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта белгиленгендей, жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчы парламенттер аралык кызматташууга токтолуп, Валентина Матвиенконун жеке колдоосу менен парламенттик дипломатия эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү каналына айланганын баса белгиледи.

Валентина Матвиенко Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду өз ара пайдалуу ишке ашырууга даяр россиялык ири компаниялардын зор кызыгуусун билдирди.

Сүйлөшүү учурунда ошондой эле Валентина Матвиенко президент Садыр Жапаровго өлкөдө орус тилин колдоого алып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн жетекчилеринин демилгеси менен Кыргызстанда 9 заманбап кыргыз-орус мектебин куруу сыяктуу ийгиликтүү долбоор ишке ашырыла турганын баса белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты