Дипакадемия профессору Жоробекова “улуттук крокодил” деген сөзүн түшүндүрдү

Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекова Орусиядагы конференцияда  “улуттук крокодил” деп айткан сөзүнө түшүндүрмө берди.

Профессор Жоробекованын Фейсбуктагы видеосунда конференцияда «Кыргызстанда кыргыз тилин кыскартуу менен орус тилин сактоо туура эмес» деген пикирди айтканын билдирди.

“Улуттук крокодил» деген бир улуттун кишилери эмес, тил жөнүндө эмес. Бул түшүнүк эксперттердин чөйрөсүндө коомчулукту козгогондорго колдонулат. Ал жерде Борбор Азиядагы орус тилдүү диаспоралардын абалы жөнүндө суроо болгон. Улуттук маселени көтөрүп, улут, дин арасына бүлүк салып, чагым кылып, ушул суроону козгогондорду «улуттук крокодил» деп атайт” деди Жоробекова.

Социалдык тармактарда Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекова Орусиядагы конференцияда сүйлөгөн видеосу тарап, кызуу талкууга түштү.

Видеодо Жоробекова “улуттук крокодилдердин нааразычылыгына карабай Кыргызстанда орус тили бардык тармакта жетиштүү колдонулат” деп айтканы тартылган

.

“Валдай” клубу уюштурган III Борбор Азия конференциясы 16-17-майда Орусиянын Томск шаарында өткөн.

Сүрөт: Видеодон алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты