USAID Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө иш-чарасын колдоого 2,8 млн доллар бөлдү

  • 3 года мурун

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасын COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө колдоо жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоо үчүн кошумча 2,8 миллион доллар бөлөөрүн жарыялады.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы каржылоо эмдөө аракеттерин колдоого, медициналык кызматкерлерди окутууга жана саламаттык сактоонун маалымат тутумдарын жакшыртууга жардам берет.

«Коопсуз жана натыйжалуу вакциналар — COVID-19га каршы эң мыкты курал. Өмүрдү сактап калуу, экономиканы калыбына келтирүү жана вирустун жаңы варианттарынын пайда болуу коркунучун токтотуу үчүн биз мүмкүн болушунча көп адамдарды тезирээк эмдөөгө тийишпиз» деди USAIDдин өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Кит Симмонс.

Бат университетинин вакциналар боюнча кыргызстандык эксперти Асел Сартбаева коронавируска каршы эмдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолуп: “Бүгүнкү күндө вакциналар миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калат, аны дарылоого караганда инфекцияны алдын алуу алда канча жеңил жана арзан. Азыркы вакциналар өндүрүлүп жатканда натыйжалуулугу жана коопсуздугу боюнча катуу сыноодоон өтөт. Клиникалык сыноолордун бардык маалыматтары ачык жеткиликтүү, ошондуктан ар бир адам аны көрүп, түшүнө алат. Мен Кыргызстанда жашагандардын баарын эмдөөгө чакырат элем. Бул сизди, үй-бүлөңүздү, туугандарыңызды жана айрыкча элдин аярлуу катмарын коргойт” деди.

Бул жаңы каржылоонун алкагында вакциналарды ташуу, сактоо жана башкаруу, ошондой эле эмдөөдөн кийин медициналык таштандыларды туура жок кылуу, вакцина боюнча кеңеш берүү сыяктуу иш-чаралар колдоого алынат. Булардын баары эмдөө кампаниясынын ийгиликтүү болушуна өтө маанилүү. Андан тышкары, дарыгерлер эмдөөдөн кийинки сейрек кездешүүчү кыйынчылыктарды аныктоо жана дарылоо боюнча атайын окуудан өтөт.

USAID каржылоону Abt Associates жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) аркылуу камсыздайт.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасына 8 млн АКШ долларынан ашык каражат бөлүп берди.

Октябрда АКШ Кыргызстанга COVAX механизми аркылуу 250 миң дозадан ашык Pfizer вакциналарын тартуулады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты