«Уруксаты жок барып, суракка алмай демократиялык мамлекеттерде жок». Байсалов Улукбек Карыбек уулу тууралуу

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов блогер Улукбек Карыбек уулу жана эркин журналисттер тууралуу сын пикирин Фейсбук баракчасына жазды.

-Бир канча жылдан бери коомубузда “Атың чыкпаса, жер өрттө” дегендей, элдин атын жамынып, арзан популярдуулукту издеп, саясий упайга айланткан көрүнүш бар экени жашыруун эмес. Ушундай жүрүш менен саясий карьера жасаса болот тура деген түшүнүк пайда болуп, жаңы “жылдызчалар” пайда боло баштады. Улукбек инибиз деле шайлоого катышып, саясий амбициясы бар экенин жашырбайт. Бирок мындай жол туура эмес экенин депутат болгону дагы, депутат болом деп жатканы дагы түшүнүшү зарыл.

Биз эркин мамлекетте жашайбыз. Аны менен сыймыктанабыз. Бирок ооруканага же мектепке кирип барып эле, ал жерде иштеп аткан кызматкерлерди кекетип же болбосо чакыруусу, же уруксаты жок эле, иш бөлмөлөрүнө кирип барып, суракка алмай демократиялуу мамлекеттерде жок. Биз дагы мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек, -деди Эдил Байсалов.

Блогер Улукбек Карыбек уулу Бишкек шаарынын Октябрь районунун №173 балдар бакчасында болуп, ал жактагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү. акча чогултууларды Ютуб-каналда ачыкка чыгарган. Улукбек Карыбек уулу тарткан видеонун шилтемеси бул жакта.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты