Урматбек Самаев Токтогул районунун акими болуп дайындалды

  • 1 месяц мурун

Урматбек Самаев Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими болуп дайындалды.

Бул тууралуу 15-майда президенттин расмий сайтында кабарланды.  

Урматбек Самаев 2025-жылдын январь айынан бери президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары кызматын аркалап келди.

Самаев Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Токмок шаарынын экс мэри. 2023-жылы УКМК тарабынан кармалып, мамлекетке 130 миллион сомдон ашык зыян келтиргени айтылган. Кийин Жогорку сотто акталганы белгилүү болгон.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты