Токтогул районунун акими болуп Таалайбек Жайылов дайындалды

  • 5 лет мурун

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-мартта кол койгонун өкмөттүк аппарат кабарлады.

Таалайбек Жайылов 2008-жылдан бери Токтогул районундагы Бел-Алды айыл өкмөтүн жетектеп келген. Ооган согушунун ардагери, үч уул, бир кыздын атасы.

Токтогул районунун мурдагы акими Майорбек Сатымкулов 22-февралда өкмөт башчынын буйругунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты