Урмат Самаев тергөө абагынан бошотулду. Ал бюджетке 25 млн сом кенемте төлөгөнү айтылууда

  • 1 год мурун

Коррурцияга шектелип кармалган Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев 25 млн сом кенемте төлөп, тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media күч органдарынын кызматкерлеринин маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Самаев тергөө менен күнөөсүн мойнуна алганы тууралуу макулдашууга кол коюп, мамлекеттик бюджетке 25 млн сом кенемте төлөгөн.

Ал Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Мындан тышкары, Самаев ээлеген кызматынан кетүү тууралуу арыз жазганы маалымдалды.

Белгилей кетсек, Урмат Самаев «Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасындагы коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалган. Мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 130 млн сом болгону айтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты