Унаада фейерверктер жарылып, бир киши каза тапты

  • 5 месяцев мурун

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда пиротехникалык каражаттарды ташыган “HOVO” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа 28-ноябрь түнү жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кесепетинен фейерверк жарылып, ири өрттөн чыгышына себепкер болгон. Андан машинанын айдоочусу каза тапкан.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан улам саат 21:40та жана 22:04тө Балыкчы шаарынын эки өрт өчүрүүчү машина барган. Өрт 23:05те чектөөгө алынганы маалымдалды.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты