Улуу Британия элчиси Чарльз Гаррет «Кыргыз туусу» жалган маалымат жарыялаганын билдирди

  • 2 года мурун

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет өзү жана элчилик тууралуу «Кыргыз туусу» чындыкка жатпаган маалыматтарды жарыялаганын айтып, аны төгүндөөнү сунуштады.

Гезиттин башкы редактору Мырзакат Тыналиевге катында элчи Чарльз Гаррет мындай деп жазган:

-“Кыргыз туусунда” 15-февралда жарыяланган материалда мен тууралуу жана Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин иштери боюнча цитатада калпыс маалымат кеткен.  Мен эч убакта MИ-6 аттуу кызматкер болгон эмесмин. Ошондой эле финансылык которуулар боюнча маалыматттар чындыкка жатпайт, -деп билдирди элчи.

«Кыргыз туусу» гезитинин сайтында 15-февралда журналист Мелис Совет уулунун «Батыш саясатынын максаты башка» аттуу макала жарыяланган. Анда өкмөттүк эмес уюмдар, алардын каржы булактары, «Коммерциялык эмес уюмдар» тууралуу мыйзам тууралуу сөз болуп, «Кыргызстан жаңырыгы» сайтына чыккан Эльмира Жуламбаева аттуу автордун аналитикалык макаласынан Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гаррет тууралуу айткандары мисал келтирилген. Анда дипломат 2020-жылдагы октябрь окуяларынын алдында «батышчыл саясий түзүмдөрдүн жана фонддордун» жетекчилерине кеңеш берген, ал эми элчилик аларга «азыркы бийликтин айрым өкүлдөрүн дискредитациялоо үчүн» акча бөлүп бергендиги айтылган.

«Эхо Кыргызстана» басылмасы «Дело №» гезитиндеги макалага таянган. «Дело №» гезити 2021-жылы жай айларында жабылган.

Сүрөт: Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты