Улуу Британия айыл чарба жумушуна чакырат. Кантип катталуу керек?

Улуу Британиядагы мезгилдүү айыл чарба жумуштарына «HOPS Labour Solutions Ltd» (HOPS) оператору аркылуу онлайн каттоо жакында ачылат.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору билдирди.

Онлайн каттоо 2025-жылдын 17-февралында саат 15:00 – 19:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча) ачылат.

HOPS каттоо системасына шилтеме төмөнкү платформаларга жарыяланат: Борбордун расмий сайты – www.migrant.kg; Instagram баракчасы – info.migrant.kg; HOPS расмий сайты – https://www.hopslaboursolutions.com/recruitment-instructions.

Каттоодон өтүү үчүн төмөнкүлөр талап кылынат: Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту; Gmail электрондук почтасы (дарек паспорттогу аты-жөнүңүзгө дал келиши керек); Ачык түстөгү фондо тартылган паспорттук форматтагы сүрөт (электрондук түрдө).

Онлайн каттоо кийинки тандоо этаптарына катышууга кепилдик бербейт – бул сиздин кызыкдар экениңизди гана тастыктайт.

Онлайн тестирлөө HOPS оператору тарабынан 2025-жылдын 21-23-февралында өткөрүлөт.

Тестирлөөнүн деталдары тандалып алынган талапкерлерге электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.

Офлайн маектешүү HOPS өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлөт. Эгерде онлайн тестирлөөдөн кийин офлайн маектешүүгө чакыруу албасаңыз, анда бул тесттен өтпөй калганыңызды билдирет.

Катышуучулар 18 жаштан жогору болуш керек, орус тилин жакшы деңгээлде билүү жана канаттандырарлык дене бой жана психологиялык абалы эске алынат.

Саатына эмгек акы– 11.44 фунт стерлинг; Кепилденген жумуш убактысы – жумасына 32 саат;

Виза төлөмү – 298 фунт стерлинг. Мезгилдүү жумуш программасы боюнча ишке орношуу – акысыз.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты