Улуттук тарых музейинде АКШнын тарыхына арналган өзгөчөлүү көргөзмө ачылды
- 3 недели мурун
- Видео, Фоторепортаж
16-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде АКШнын негиздөөчүлөрүнө арналган «Негиздөөчү аталар музейи» аттуу көчмө көргөзмөнүн расмий ачылышы өттү.
Бул маданий иш-чара Америка Кошмо Штаттарынын негизделгенинин 250 жылдыгын белгилөөгө багытталган «Эркиндик — 250» программасынын алкагында уюштурулду.
Көргөзмөдө АКШнын түптөлүш тарыхы, демократиялык принциптердин калыптанышы жана тарыхый инсандардын ролу тууралуу кызыктуу материалдар коюлган.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лессли Вигери өз сөзүндө бул иш-чараны уюштурууда Улуттук тарых музейи менен кызматташуу эки өлкөнүн ортосундагы достуктун белгиси экенин белгиледи.
«Негиздөөчүлөрдүн музейи — эркиндик жана өзүн-өзү аныктоо сыяктуу түбөлүктүү баалуулуктар жөнүндө ой жүгүртүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет. Бул жалпы баалуулуктар бизди бүгүн да шыктандырып, бириктирип келет» деди элчи.
АКШнын түптөлүш тарыхынан маалымат берген бул экспозиция Улуттук тарых музейинде 28-июнга чейин көрсөтүлөт.
Бишкектеги көрсөтүү аяктаган соң, көчмө көргөзмө 2026-жылдын аягына чейин Кыргызстандын башка аймактарында да улантылат.










Сүрөттөр: “ПолитКлиника”




