“Улуттук нарк жөнүндө” жарлыкка кол коюлду

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Улуттук нарк- дөөлөт жарлыгы Президенттин 2021-жылдын 29-январындагы № 1 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын ырааттуу уландысы катары сунушталып жаткандыгы белгиленди .

Жарлыкта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысына  коомчулуктун, билим берүү жана илим, маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрүн, бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен, 2022-жылдын
1-сентябрына чейин улуттук наркты сактоо жөнүндө улуттук программаны иштеп чыгуу жана киргизүү;

-Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына  салттуу ислам баалуулуктарын жана кыргыз элинин улуттук наркын сактоодо келип чыгуучу түшүнбөстүктөрдү жоюу максатында тиешелүү чечимдерди чыгаруу,  кабыл алынган чечимдер боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды.

-Кыргызстан калкы ассамблеясына, коомдук уюмдарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, анын ичинде телерадиоберүү уюмдарына нарктуулукту жайылтуу, нарктуу жаранды жана нарктуу коомдуу куруу жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

-Жогорку Кеӊеш депутаттарына, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга улуттук наркка байланышкан түрдүү багыттагы демилгелерди сунуштоо менен бирге диний ишенимдерге жана улуттук наркка өтө сый-урмат менен мамиле кылууга, ошондой эле нарктуу коомду курууда Кыргыз Республикасынын жарандарына үлгү көрсөтүүсү сунушталды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты