Улуттук футбол академиясына ФИФА таланттар академиясы макамы ыйгарылды

  • 3 месяца мурун

Бишкек шаарында 24-мартта Улуттук футбол академиясына ФИФА таланттар академиясы макамын ыйгаруу аземи өттү.

Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, 2023-жылы Кыргыз Республикасы ФИФАнын Таланттарды өнүктүрүү программасынын пилоттук өлкөлөрүнүн бири болуп тандалгандан бери өлкөдө футболду өнүктүрүү багытында олуттуу өзгөрүүлөр ишке ашырылды.

Аземге КФБ жетекчилиги, ФИФА өкүлдөрү, академиянын тарбиялануучулары жана алардын ата-энелери катышты. Иш чарага келген ФИФА өкүлдөрү арасында “алтын топтун” ээси, легендарлуу оюнчу Христо Стоичков жана дүйнө чемпиону Клаудиа Сорноса болду.

Академиянын статусун белгилеген такта ФИФАнын жогорку көрсөткүчтөр программасынын жетекчиси Ульф Шоттун колунан Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуевге өткөрүлдү. Бул ийгилик менен Кыргызстанды ФИФА президенти Жанни Инфантино куттуктады.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө 14-орунда мындай макамга ээ болду. Ошондой эле ал АФК аймагындагы 10 ФИФА таланттар академиясынын катарына кирип, дүйнө жүзү боюнча иштеп жаткан 54 академиянын ичинен эң мыктыларынын бири катары бааланууда.

Академияда 87 жаш футболчу машыгып, атамекендик жана чет элдик адистер иш алып барууда.

Сүрөт: КФБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты