Улуттук электр тармагы электромобиль кубаттоочу станцияларды орнотууда
- 4 месяца мурун
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому (ААК) республика боюнча электромобилдерди кубаттоочу станциялардын орнотууда.
Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарында жалпы электромобилдерди кубаттоочу 30 станция орнотулду.
Жыл аягына чейин 100дөн ашуун электромобиль кубаттоочу станция орнотуу пландалууда.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК унааларды кубаттоочу станцияларды негизги калктуу конуштарга жана туристтик багыттарга жайгаштырууда.
Станциялар алгач өлкөнүн негизги трассаларынын боюна, Бишкек–Торугарт жолуна, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын стратегиялык аймактарына курулууда.
Ар бир станциянын кубаттуулугу 120 кВт болуп, электр унааларын кыска убакыт ичинде тез кубаттоого мүмкүндүк берет.
Кубаттоочу станциялар «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын өздүк каражаттарынын эсебинен салынууда.
Сүрөт: видео тасмадан алынды




