Кар көчкү жана метеобайкоо жүргүзүүчү “Долон” станциясы ачылды

-Япон мамлекетинин грантынын негизинде өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы гидрометеорологиялык агенттигинде эки кар көчкү станциясынын ачылыш аземи болду. Бирөө – Нарын облусунун Долон ашуусундагы кар көчкү станциясы, экинчиси – Жалал-Абад облусунун Чапчыма ашуусундагы кар көчкү станциясы ишке киргизилип жатат.   

Долон ашуусундагы кар көчкү станциясы 2019-жылдан бери ишке кирип иштеп жатат. Анда эки бөлүм бар, метео бөлүм жана гидрометео бөлүм. Долон станциясынын салынганы абдан жакшы болуп калды. Метео өзгөрүүлөрдү. Кардын көлөмүн бат аныктап берүүгө жетишилди.

Буга чейин өлкөдө жаратылыш кырсыктары жөнүндө алдын ала эскертүүнү жакшыртуу максатында КРдагы БУУнун Өнүктүрүү программасы КРнын ӨКМне караштуу Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агенттигине автоматташкан метеостанция жана компьютердик жабдууларды берери айтылган. Жардамдын жалпы суммасы 56,786 АКШ долларын түзөт. Көмөк көрсөтүү “Кыргыз Республикасында тобокелчиликти комплекстүү башкаруу потенциалы жана Борбордук Азияда регионалдык кызматашуу” долбоорунун алкагында Япониянын финансылык колдоосу менен жүргүзүлөрү айтылган.

Сүрөт: ӨКМ видеотасмасынан алындыы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты