Улуттук банктын мурдагы төрагасы Бөкөнтаев Орусияга элчи болуп дайындалды
- 2 месяца мурун
Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана айгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка 5-августта Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы сайтында маалымдады.
26-июнда Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен Кубанычбек Бөкөнтаевдин кызматтан кетишине макулдук берди. Кубанычбек Бөкөнтаев 2021-жылы Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган. 2006-жылдан 2010-жылга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү