Улуттук банк ички рынокто алтын куймаларын сата баштады

  • 2 года мурун

Улуттук банк 1-февралдан тартып өлкөнүн ички рыногунда аффинаждалган алтын куймаларын сата баштады. Бул тууралуу маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, аффинаждалган алтын куймалары «Кыргызалтын» ишканасы тарабынан 10,9 кг жана 13,4 кг чейинки салмакта даярдалган. Куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99,95 пайызын химиялык таза металл түзөт.

Алтын куйманын баасы Улуттук банк тарабынан белгиленет жана ал күн сайын банктын сайтына жарыяланып турат.

Улуттук банк аффинаждалган алтын куймаларын кайра сатып албайт.

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (алтын өндүрүү жана иштеп чыгуу ишканаларын эске албаганда) аффинаждалган алтын куймаларын сатуу жана төлөм Улуттук банктын борбордук жүгүртүү кассасы аркылуу нак эмес формада ишке ашырылат.

Алтын куймасы сатылган учурда ага куйманын сандык-сапаттык көрсөткүчтөрүн тастыктаган сертификат жана аффинаждалган алтын куймаларын сатуу жөнүндө квитанция милдеттүү түрдө тиркелет.

Аффинаждалган алтын куймаларын сатуу шарттары жөнүндө толук маалыматты Улуттук банктын расмий сайтынан «Кызмат көрсөтүүлөр» бөлүмүнүн «Аффинаждалган алтын куймалары» бөлүмчөсүнөн алууга болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты