Улуттук банк “Айкөл Манас” алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат

  • 2 месяца мурун

Улуттук банкы кыргыз элинин элдик оозеки чыгармачылыгын жайылтуу, маданий мурасын сактоо жана улам кийинки муунга таанытуу максатында 2024-жылдын 2-декабрынан тартып «Айкөл Манас» алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат

Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

«Айкөл Манас» монетасынын алдыңкы бетинде ак мөңгүлүү Ала-Тоонун алкагында соот кийип, Аккула атын чаап бараткан Манас баатырдын образы чагылдырылган. Монетанын жогорку бөлүгүндө: «Айкөл Манас / Aikol Manas» жазуусу, ал эми оң жагында металлдын сапаты (Au 999) жана монетанын салмагы (15,55 г) түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында анын номиналы (200) жана сомдун графикалык белгиси (С) көрсөтүлгөн.  

Монетанын арткы бетинде кыргыз жоокерлерин символдоштурган улуттук орнаменттердин алкагында Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу жайгашкан. Монетанын төмөн жагында монета чыгарылган жыл — «2024» жазуусу түшүрүлгөн. 

«Айкөл Манас» монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. 

Улуттук банк “Айкөл Манас” алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат
Улуттук банк “Айкөл Манас” алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат

Сүрөттөр: nbkr.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты