Улукбек Марипов Сауд Аравиядагы элчи болуп дайындалды
- 5 лет мурун
Улукбек Марипов Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук, коргонуу жана миграция комитети экс-өкмөт башчы Улукбек Мариповдун талапкерлигин Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчи кызматына жактырган.
Улукбек Марипов 2021-жылдын 3-февралынан 12-октябрга чейин премьер-министр кызматын аркалаган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү




