Уланмырза Карыпбаев Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

  • 11 месяцев мурун

Режиссер Уланмырза Карыпбаев Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.  

Уланмырза Карыпбаев 2014-жылы «Тунгуч» жаштар театрынын алдындагы студиянын бүтүрүүчүсү. 2020-жылы Санкт-Петербургдагы Россия мамлекеттик театр искусствосу институтун театралдык режиссура адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. Екатеринбург мамлекеттик театр институтунун «Маданият жана искусство тармагындагы менеджмент» адистиги боюнча кесиптик кайра даярдоо курстарын бүтүргөн.

Бул жылдар аралыгында Кыргызстан, Казакстан, Беларус, Россия жана Түштүк Кореянын театрларында 45ке жакын спектакль койгон.

«Күн кармаган бала», «Ак кеме», «Жат эмесмин», «Үмүт», «Боронду бекет», «Ай тутулган түн», « Акыркы кат», « Эне», «Кош дегим келбейт», «Илегилек», «Чиркин өмүр» сыяктуу элге кеңири тараган спектаклдердин режиссеру.

2018-2020-жылдары — Байтен Омаров атындагы Алматы шаарынын «Жас Сахна» театрынын режиссеру.

2020-2022-жылдары Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында режиссер. 2022-жылдан бери Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын режиссеру. 2024-жылдан тартып — Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин актёрдук жана режиссёрдук курсунун жетекчиси.

Сүрөт: Маданият министрлиги тараткан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты