Украинага АКШдан «кубаттуу курал-жарак» келе баштады

  • 2 года мурун

АКШ 800 миллион долларлык соңку жардамынын алкагында Киевге жөнөткөн курал-жарактар менен коопсуздук тармагындагы башка каражаттар Украинага келе баштады.

Бул тууралуу CNN телеканалы Америка өкмөтүндөгү өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Өткөн аптада АКШнын Президенти Жо Байден Украинага курал-жарактан турган жардамдын кошумча топтомун берүү чечимин жактырган.

Телеканалдын билдирүүсүндө, Вашингтон алгачкы жолу Украинага Ми-17 үлгүсүндөгү 11 тик учак, 155 миллиметрлик калибрдеги 18 гаубица жана 300 Switchblade дрону баштаган кубаттуу курал-жарак берүүгө макул болгонун белгиледи.

Өткөн жума күнү АКШ коргоо министрлигинин жогорку кызматтагы өкүлү курал-жарак жана башка керектүү каражаттар жүктөлгөн алгачкы каттам жакынкы күндөрү Европага жетип, андан ары Украинага өткөрүлүп бериле турганын айткан.

Ишемби күнү Украинанын Президенти Владимир Зеленский жергиликтүү медиаларга берген маегинде АКШ, Улуу Британия, Польша жана башка бир катар өлкөлөр украиналыктарды «кыйла жакшы» колдоп жатканын айткан. «Бирок албетте мындан да көбүрөөк жардам бере алышат» деген Зеленский.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты