Украина тышкы иштер министри: 19 өлкө курал жөнөтүп, 16 өлкөдөн ыктыярчылар келүүдө

  • 2 года мурун

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 19 өлкө Украинага курал-жарак жөнөтүп, 16 өлкөдөн ыктыярчылар келип жатканын билдирди.

«Биз согушка каршы эл аралык коалицияны мобилизация кыла алдык. Коалицияга 86дан кем эмес өлкө жана эл аралык 15 уюм кирет. Украинага 19 өлкө, айрымдары өз тарыхында биринчи жолу курал жөнөтүүдө. 10 өлкө каржылай жардам жана 22 мамлекет гуманитардык көмөк көрсөтүүдө. Дагы 16 өлкөнүн ыктыярчылары агрессорго жооп кайтаруу үчүн украин элине эриш-аркак болууда. Ушул тапта алардын саны миңден ашты, ыктыярчы болууга өтүнүч бергендердин саны алда канча көп», —деди Кулеба.

Украина 1-марттан тартып ыктыярчылар үчүн визасыз режим киргизген. Кулеба 38 өлкө орус учактары үчүн аба жолдорун жапканын кабарлады. Жакын арада орус кемелери үчүн портторду жабуу да каралууда. Бул арада Улуу Британия менен Канада орус кемелерин өз аймагына киргизүүнү токтотту.

Сүрөттө: Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба. Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты