УКМК: Жалал-Абад облусунда УКМКнын жалган кызматкери кармалды

  • 1 неделя мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан Жалал-Абад облусунда аталган кызматтын жасалма кызматтык күбөлүгүн колдонуу аркылуу акча каражат өндүрүүгө шектелип, У.С.У. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, УКМКга жеке ишкерлерден жана муниципалдык кызматкерлерден алардын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз текшерүү боюнча бир нече арыз келип түшкөн.

Тергөөнүн жыйынтыгында, кармалган жаран УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгүн колдонуп, финансылык-чарбалык ишмердигин текшерүү шылтоосу менен муниципалдык кызматкерлерди жана жеке ишкерлерди акча берүүгө мажбурлангандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренисинин 2-бөлүгүнүн (Документтерди жасалмалоо) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү 24-сентябрда кармалган.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты