12-октябрдагы аба ырайы
- 14 часов мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, 12-октябрда Баткен облусунун көпчүлүк аймагында, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлүт, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн +10…+12 градус, күндүз +19…+21 градус болот.
Иллюстрациялык сүрөт: “ПолитКлиника”




