УКМК: Өзгөн райондук сотунда коррупциялык схема аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жасалма сот чечимдери менен чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын жарандыгына мыйзамсыз кабыл алуу фактысын аныктады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун кызматкери 1977-жылы туулган И.Ы.О., Өзгөн райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы 1981-жылы туулган С.Э.О. кылмыштуу макулдашууга кирип, акчалай сыйлык алуу үчүн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында жогоруда аталган адамдардын туулгандыгынын аныктыгы жөнүндө жасалма сот чечимдерин системалуу түрдө берип турушкан.

Кылмыштардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына  катталган материалдардын, тергөө аракеттеринин натыйжасында 16 чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамдарды аталган кылмыш схемасын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына мыйзамсыз кабыл алуу фактылары аныкталган.

2025-жылдын 9-июлунда КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгы тарабынан И.Ы.О. жана  С.Э.О.го кылмыш-жаза кодексинин 337 жана 347-беренелери боюнча “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “Мыйзамсыз паспорт берүү” боюнча кылмыш иши козголуп, Ош шаардык соту тарабынан айыпталуучуга карата эки айлык мөөнөткө КР УКМКнын тергөө абагына камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

УКМК: Өзгөн райондук сотунда коррупциялык схема аныкталды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты