УКМК төрагасы Ташиев 6 балалуу энеге эки бөлмөлүү батир тапшырды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 4-июлда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 29 жаштагы 6 баланын энеси Айжан Болотбековага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын  тапшырды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Айжан Болотбекова жалгыз бой эне, анын эки баласынын жана өзүнүн да майыптыгы бар. Колунда 5 айлык ымыркайы менен мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, балдарын багууга шарты жок. Туруктуу жашаган үйү жоктугунан улам, батирлеп жүрүп, ижара акысын төлөөдө да кыйынчылыктар болуп келген. Андыктан, 6 балалуу эне  жардам сурап шаардык мэрияга кайрылган. Бирок, ал жактан эч кандай жооп болгон эмес.

Мындан улам жалгыз бой эне УКМК төрагасына көмөк сурап кайрылган. Болотбековага Камчыбек Ташиев шаардан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын белек кылды.  

УКМК төрагасы Ташиев 6 балалуу энеге эки бөлмөлүү батир тапшырды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты