УКМК: Түп райондук сотунун бөлүм башчысы пара талап кылуу фактысы менен кармалды
- 1 неделя мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Түп райондук сотунун бөлүм башчысы А.Э.А., К.Б. аттуу жарандан соттун өкүмүн өзгөртүү жөнүндө маселени оң жагына чечкендиги үчүн, ага 85 миң сом өлчөмүндө акча каражатын берүүгө мажбурлаган, бирок бул өкүм Жогорку соту тарабынан кассациялык тартипте каралып, өзгөртүүсүз күчүндө калтырылган.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. 11-апрелде мурда алынган параны кайтарып берүү учурунда А.Э.А. кармалып, соттун санкциясына ылайык Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!