УКМК Ош шаардык билим берүү башкармалыгында коррупциялык схема аныкталганын билдирди
- 11 месяцев мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын өздөштүрүү жана ыйгарып алуу фактылары аныкталды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мурдагы бухгалтери А.А. бир катар жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен сүйлөшүүгө барып, мыйзамсыз түрдө айлык акы жана башка төлөмдөрдү №24 Фрунзе атындагы орто мектеп, №42 «Керме-Тоо» орто мектеби, №17 Гагарин атындагы орто мектеп, «Олимп» мектеп-гимназиясы, №18 Навои атындагы мектеп-лицейи жана №52 «Кыргыз–Түрк достугу» мектеп-лицейинин кызматкерлерине жүргүзгөн .
Болжолдуу эсеп боюнча келтирилген зыяндын суммасы 8 940 684 сомду түздү.
Учурда күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана келтирилген чыгымды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




