УКМК: КММАнын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды
- 2 месяца мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМКЗ) Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тиешелүү болгон имараты бар жер тилкеси аныкталып, ал 1998-жылы мамлекеттик көзөмөлдөн мыйзамсыз алынып, жеке менчикке өтүп кеткендигин билдирди.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 16-декабрындагы № 1074 «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 43-беренесинин 6-пунктуна ылайык мамлекеттик билим берүү мекемелеринин имараттары, жер тилкелери жана материалдык-техникалык базасы менчиктештирүүгө жатпайт.
Маалыматта айтылгандай, аталган жер тилкесинин менчик ээси аталган жер участогун имараты менен бирге Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өз ыктыяры менен жана акысыз өткөрүп берди.