УКМК: Ээлик кылгандар «Орленок» лагерин өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарды
- 1 месяц мурун
- Видео
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.
УКМК басма сөз кызматынын малыматында айтылгандай, 1994-жылы Жайыл районунун айрым кызмат адамдары жалпы аянты 41200 чарчы метрди түзгөн Бөксө-Жол айылынын аймагында жайгашкан «Орленок» балдар лагерин жеке колго мыйзамсыз чыгарууга көмөктөшкөн. Кийинчерээк аталган лагерь эс алуу жайына айландырылган.
“Объекттин ээси мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын мойнуна алып, аны Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди” деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!