УКМК: Бишкектин Кара-Жыгач айылында 3,6 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды
- 10 месяцев мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жерге жайгаштыруу, кадастр чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарды аныктоо жана алдын алууга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө – административдик-аймактык реформанын (ААР) алкагында борборго кошулган аймакта жайгашкан жер участогун мамлекеттин балансына кайтарды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Бишкек шаарынын Октябрь районунун Кара-Жыгач айылынын 544 жана 545-контурларында, Анкара жана Ф.Достоевкий көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан айыл чарба багытындагы 3,6 гектар жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталган.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




