УКМК Бакай-Ата районунун жер комиссия мүчөлөрү кармалганын билдирди
- 2 месяца мурун
Талас облусунун Бакай-Ата районунун айрым жооптуу кызматкерлери 2009-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде акчалай компенсация алуу үчүн 163 айыл чарба бирдигинин көлөмүндөгү трансформацияланбаган жер участокторун (сугат, айдоо категориясындагы жерлер) жеке турак жай куруу үчүн жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп берилгендиги аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бул факт боюнча 2025-жылдын 5-мартында Бакай-Ата жер комиссиясынын мүчөлөрү: райондун акиминин биринчи орун басары — С.М., Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча аймактык агенттиктин филиалынын директору — С.Б., айыл аймагынын мурдагы башчысы — Р.Б. кармалды жана Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы