Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды
- 4 недели мурун
Бүгүн, 21-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.
Белгиленгендей, Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоору уюшкан кылмыштуулукту жоюу, анын идеологиясын жана финансылык-материалдык негиздерин андан ары натыйжалуу ажыратуу боюнча ички саясий багытынын чараларын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккандыгы айтылат.
Андан тышкары, «Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү