«Туңгуч» кичи районунда эки автоунаа өрткө чалдыкты  

Бүгүн, 13-апрелде, Бишкек шаарынын “Туңгуч” кичирайонунда автоунаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалыматтан улам, өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүүгө түнкү саат 02:45те барып, 03:45те толугу менен өчүрүшкөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.   

“Тилсиз жоонун” кесепетинен “Hyundai Sonata” үлгүсүндөгү автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү, анын жанында турган “Mercedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү автоунаанын арткы бөлүгү жана салондун ичи күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Сүрөт6 Видеодон алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты