Травматология жана ортопедия борборуна жаңы директорду киргизбей коюшту

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаңы дайындалган директордун милдетин аткаруучу Гулия Кожакматованы жана башкы врач Дамир Дүйшөновду министрдин орун басары Жалалидин Рахматуллаев жамаатка тааныштыруу үчүн алып келгенде, мурдагы директор Сабырбек Жумабеков жана борбордун жамааты киргизбей коюшту.

Бул тууралуу социалдык тармактагы түз эфирде белгилүү болду.    

Жамаат “Сабыр, Сабыр” деп кыйкырышты. Сабырбек Жумабеков Президентке телефон чалып, көзүнө жаш алды.

«Министр бейбаштык кылып, мыйзамсыз өзүм билемдиги менен, өзүнүн короосундагы малга окшотуп, бизди басынтып, өзүнүн буйругу менен, килейген борборду реорганизация кылып, жаңы башкы врачты алып келип, отургузайын деп жатат. Эски болсо дагы, биздин жобо өзгөрө элек, ал жерде үч учредитель бар, шаардык кеңештин депутаттары, мэрия жана саламаттык сактоо министрлиги. Алар менен акылдашпай, бизди чыгарбай туруп, жаңы реорганизация кылган бул- мыйзамсыз. Кечирип койгула, биз сиздерди киргизе албайбыз. Президент айтсын, «кет» десе мен кетип калам» деди Сабырбек Жумабеков.   

Бүгүн, 4-февралда, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков кызматтан алынып, анын ордуна профессор Гулия Кожакматова директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бул тууралуу буйрукка саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кол койгону маалым болгон.

Аталган борбордун жамааты нааразылык акциясына чыгышты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты