«Келечек» борборунда майыптуулугу бар эки миңден ашык бала реабилитациядан өттү
- 1 месяц мурун
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Келечек» реабилитациялык борборунда 2023–2026-жылдар аралыгында майыптуулугу бар 2044 бала реабилитациялык кызматтарды алышты.
Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
2026-жылдын биринчи кварталында 175 бала реабилитация курсунан өттү.Борбордун кызматтарын алган балдардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жашайт, 48 бала.
«Келечек» реабилитациялык борбору 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдарга акысыз комплекстүү кызматтарды көрсөтүү максатында түзүлгөн.
Борбордо Даун синдрому, жеңил деңгээлдеги акыл-эс өнүгүүсүнүн артта калышы, аутизмдин жеңил формалары, ошондой эле таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуулары бар балдарга жардам көрсөтүлөт.
Борбор стационардык жана күндүзгү форматта иш алып барып, реабилитацияга комплекстүү мамилени камсыз кылат.
Борборго кабыл алуу райондук, шаардык жана райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын жолдомосу аркылуу, борбордун жетекчилиги менен макулдашуу негизинде жүргүзүлөт. Жолдомо үчүн негиз болуп медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) же жашаган жери боюнча жалпы дарыгердик практика борборлорунун дарыгерлеринин сунуштамалары саналат.
Сүрөт: Эмгек министрлиги




