Трамп Путин менен жолугушуу пландалып жатканын билдирди

  • 3 недели мурун

АКШнын президенти Дональд Трамп инаугурациядан кийин Россия-Украина согушу аягына чыгышы үчүн Россиянын президенти Владимир Путин сүйлөшүүгө барышы керектигин билдиргенин “Эркин Европа”/ “Азаттык” радиосу билдирди.    

“Ал келишимге барышы керек. Келишимден баш тартуу менен Россияны талкалайт. Көп адамдар бул согуш бир жумадан кийин аяктайт деп ойлогон. Бул согушту токтотуу ал үчүн жакшы болмок деп ойлойм” деп билдирди журналисттерге Ак үйдүн сүйрү залында АКШнын президенти Трамп.

Трамп Путин менен жолугушуу пландалып жатканын билдирди. Ошондой эле Владимир Зеленский тынчтык келишимин түзүүгө даяр экенин билдиргенин айтты.

20-январда Америка Кошмо Штаттарынын 47-президенти Дональд Трамп президенттик кызматына расмий киришти.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты