Торонто шаарынын аэропортунда учак ала салып, 18 киши жабыркады

  • 4 недели мурун

Торонто шаарынын эл аралык аэропортунда Delta Airlines авиакомпаниясынын Bombardier CRJ900LR учагы кулап, ала салып кеткен. Анын кесепетинен 18 киши жабыркады.

Бул тууралуу Би-Би-Си билдирди.

Американын Миннеаполис шаарынан келе жаткан учакта 76 киши жана 4 экипаж мүчөсү эвакуацияланган. Кырсыктан кийин тартылган сүрөттөрдө учак кар болгон жерде жатканын жана тегерегинде өрт өчүрүүчү унаалар турганын көрүүгө болот. Кыймылдаткыч жагында түтүн чыгууда.

Азырынча кырсыктын себеби айтыла элек. Канаданын унаа коопсуздугу башкармалыгы кырсыкты иликтей баштады.

Аэропорттун башчысы Дебор Флинт оор жаракат алгандар жок экенин билдирди.

Өткөн дем алышта Канадага кар жаап, бороон болгон. Айрым рейстер токтотулуп же кечиктирилип жаткан.  

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты