Тоолуу Бадахшанда беш коомдук уюмдун ишмердүүлүгү токтотулду

  • 9 месяцев мурун

Акыркы жарым жылдын ичинде Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы беш коомдук уюмдун ишмердүүлүгү токтотулду.

Бул тууралуу 8-августта Тажикстандын юстиция министринин орун басары Асадулло Хакимзода билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан аталган аймактагы 140тан ашуун коомдук уюм текшерилген. Жыйынтыгында «Номус ва инфос» (Ар-намыс жана кадыр-барк), «Памир юристтеринин бирлиги», «Пяндж», «Ишкашим районунун жаштары» жана «Клуби гуштини шайдон» (Шайдан күрөш клубу) уюмдарынын ишмердүүлүгү токтотулган.

Хакимзода аталган уюмдар «кылмыштуу топтор менен байланышы бар үчүн» сот чечиминин негизинде жабылганын кошумчалады.

Ушул жылдын май айында Тоолуу Бадахшандагы жарандык коомдун өкүлдөрү бийлик аларга басым көрсөтүп, өзүлөрүн «банкрот» деп жарыялап, өз ыктыяры менен ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылып жатканын билдиришкен. Бул тууралуу алар «Озоди» радиосуна айтып беришкен. Анткен менен аймактын бийлиги бул дооматтарды «чындыкка коошпойт» деп четке каккан.

Тоолуу Бадахшандагы активисттерге, бейөкмөт уюмдарга басым-кысым аймакта былтыр болгон кандуу окуялардан кийин күч алган.

Тажикстанда 2022-жылдын май айында Тоолуу Бадахшандагы бийликке нааразылык толкунун басуу учурунда расмий маалыматтар боюнча кеминде 16 киши набыт болгон. «Азаттыктын» тажик кызматынын журналисттери 34 адам каза тапканын тактаган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты