Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9,2 миллиард кубдук чекке түштү

  • 1 год мурун

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 3-февралга карата 9,260.49 миллиард куб метрлик чекке түштү.

Бул тууралуу “Электр станциялары”  ачык акционердик коомунун сайтында маалымдалды.  

Расмий маалыматтарга ылайык, аталган суу сактагычка 19,2-19,6 млрд. куб метрге чейин суу чогулат. 2007-2008-жылдары “Токтогулдагы” суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Энергетиктер суу 6 млрд. куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын эскерткен.

Токтогул суу сактагычы. Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты