Токон Мамытов Акыйкатчы кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды

  • 3 года мурун

Акыйкатчы Токон Мамытов шайлоого аттанып жаткандыгына байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Буга чейин белгилүү болгондой, Мамытов алдыдагы парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан катышып жатат. 

Мыйзамга ылайык, шайлоого аттанган саясий же муниципалдык кызматты ээлеген адам кызматын тапшыруусу керек. 

Токон Мамытов акыйкатчы кызматына 2018-жылдын сентябрында дайындалган.

2010-жылы “Ар-Намыс” партиясынан ЖКнын V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты