Токмокто адам уурдоого шектүү экөө кармалды

  • 3 недели мурун

Чүй облусунда адам уурдоого шектелгендерге кылмыш иши козголду. 2026-жылдын 18-январында Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 1986-жылы туулган С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анын кызын күч колдонуп алып кетишкенин жана уруп-кыйноого алганы тууралуу кайрылган.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын (ОИИББ) басма сөз кызматы билдирди.  

«Анын айтымында, (апасынын -ред.) 2026-жылдын 17-январында болжол менен саат 21:00 чамасында Токмок шаарындагы «Атаке» дүкөнүнүн жанында анын 2008-жылы туулган И.Т. аттуу жашы жете элек кызын, Э. жана А. аттуу чала тааныш адамдар тарабынан анын макулдугусуз, ак түстөгү Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү унаага күч колдонуу менен алып кеткен. Аны ар кайсы жерлерде алып жүрүшүп, денесине залал келтиришкен, курч нерсе менен сайып жаракат келтиришкен, муунтушкан жана өмүрүн кыюуга аракет кылышкан. Кийинчерээк жашы жете элек кызды Чүй районунун Чүй айылында жайгашкан «Жаннат» мейманканасынын жанына таштап кетишкен» деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча материал каттоого алынып, кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелген 1993-жылы туулган А.Э. жана 1994-жылы туулган А.А. аттуу жарандар аныкталып, кармалды.

Алар убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.

Токмокто адам уурдоого шектүү экөө кармалды

Сүрөт: Чүй ОИИББ

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты