Токио менен Сеул Орусия менен Түндүк Кореяга санкция салды

  • 2 месяца мурун

Жапония Түндүк Кореядан курал-жарак ташыган бир орус жаранына, тогуз орусиялык жана эки кипрлик юридикалык жакка санкция киргизди. Бул тууралуу Жапониянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалды.

Санкциялык тизмеге мамлекеттик «224-й летный отряд» авиакомпаниясынын башкы директору Владимир Михейчик, ошондой эле авиакомпаниянын өзү, Астрахань облусундагы «Ашулук» аскердик полигону, «Владимировка» илимий-изилдөө комплекси, аскердик транспорттун командачылыгы, Дунай жээгиндеги флоттук ракета комплекси, «Трансморфлот» жана башкалар киргизилди. Тизмеде кипрлик эки компания – IBEX Shipping жана Azia Shipping да бар. Алардын Жапониядагы активдери жана төлөмдөрү тоңдурулат.

Жапон өкмөтү Орусиянын Түндүк Кореядан курал сатып алуусун айыптайт. Анткени бул БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын бузуу болуп саналат жана ошондой эле Украинадагы кырдаалдын мындан ары курчушуна алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

Бүгүн Сеул да Москва менен Пхеньянга каршы санкция салганын жарыялады. Түштүк Кореянын санкциялык тизмесине Түндүк Кореянын жети жараны жана орусиялык эки кеме киргизилген.

Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги санкциялар Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык өнүгүүсүн материалдар менен катар эле каржылай камсыздоого, ошондой эле Түндүк Кореяга орус мунайынын жеткирилишине байланыштуу экенин билдирди.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Орусия 2022-жылдан бери Түндүк Кореядан 3 миллиондон ашык артиллериялык снаряд жана 500 миңден ашык көп ракеталык снаряд сатып алган болушу мүмкүн. Орусия өз кезегинде Түндүк Кореяны космостук технология менен камсыздап жаткандай. Москва менен Пхеньян муну расмий тастыкташкан эмес.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты