Тойдо тамак-ашка уулангандардын саны 108 кишиге жетти

  • 2 года мурун

Кадамжай районунда тойканада уулангандардын саны 108 кишиге жетти.

Маалыматты саламаттыкты сактоо министрлигинин дарттын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Учурда  ооруканада 23 бейтап жатат, анын экөө — балдар, калгандары амбулаториялык дарыланууда. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык экени белгиленди.

30-июлда Кадамжай районундагы «Алмаз» аттуу тойканада 250 адамдын катышуусунда той болуп, райондук ооруканага  31-июлда биринчи жабыркагандар (48 адам) медициналык жардам сурап кайрылышкан.

Тойканада берилген тамак-аштардан салат жана бышырылган эт үлпөт өткөргөндөр тарабынан алынып келингендиги белгиленди.

Тойкана убактылуу жабылып, жетекчисине айып салынды. Бул багытта иштер улантылып жатканы айтылды.   

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты