Тоң районунун төрөт үйүндө кош бойлуу аял каза тапты

  • 3 недели мурун

21-январда түнкү саат 03:45те Тоң райондук милициясына аталган райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн төрөт бөлүмүнө келген аял каза болгонун билдиришкен.

Ал аял 20-январда саат 23:00 чамасында ичи ооруп келип, райондук ооруканага жаткырылган. 21-январга оогон түндө саат 2:00 чамасында кош бойлуунун абалы кыйындап, көз жумуп калган.

Бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалгандыгы белгиленди.

Саламаттык сактоо министрлиги бул окуяга комментарий бере элек.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты