Тоңдо сел жеңил унааны агызып кетти
- 2 года мурун
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагында, алдын ала маалымат боюнча, кечээ, 30-июлда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 138-чакырымында «Toyota Sienna» үлгүсүндөгү унааны сел суулары Чүй дарыясына агызып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Ага 5 куткаруучу тартылып, унаа изделип жатат.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү