Өткөн жылы 4 миңден ашык кырсык катталып, 313 кишинин өмүрү кыйылган
- 2 недели мурун
2025-жылы кырсыктардын жалпы саны 4429 түзүп, 2024-жыл менен салыштырмалуу 16 пайызга көбөйгөн. Материалдык чыгым 2 млрд 30 млн сомду түзгөн.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде (ӨКМ) 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарууда белгиленди.
Министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов өзгөчө кырдаалдарга жана кырсыктарга токтолду. Анын айтымында, 2025-жылы өлкөбүздө 14 өзгөчө кырдаал катталып, 32 адам каза болгон. Материалдык чыгымы 60 миллион 252 миң сомду түздү. 2024-жылга салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын кесепеттери кыйла азайды.
Ал эми кырсыктардын жалпы саны 4429 түзүп, 2024-жылы менен салыштырмалуу 16 пайызга көбөйгөн, кырсыктарда 313 адамдын өмүрү кыйылган, материалдык чыгым 2 млрд 30 млн сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн.
Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ




