Тимур Малбашев “Кыргыз мунай компаниясы” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды
- 3 месяца мурун
Тимур Малбашев Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргыз мунай компаниясы” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.
Анвар Моңолдоров “Кыргыз мунай компаниясы” мамлекеттик ишканасынын директору кызмат ордунан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Тимур Малбашев мурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору болгон.
Сүрөттө: Тимур Малбашев. Интренет булактарынан
Муну бөлүшүү




